БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия спутниктик байланыш тармагында кызматташууну макулдашышты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Россиянын Нижний Новгород шаарында санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов Россиянын "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Дмитрий Баканов менен жолугушкан. Анда тараптар кызматташуунун келечеги, тажрыйба алмашуу, адистерди окутуу жана спутниктик байланыш технологияларын өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
"Бул — биз үчүн жаңы багыт. Биз “Роскосмос" сыяктуу алдыңкы уюмдар менен туруктуу кызматташууга кызыкдарбыз", — деген министр.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жамангулов менен Баканов кызматташтык боюнча меморандумду даярдоону макулдашты.