БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтындагы Лениндин эстелиги башка жерге жылдырылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эстелик аянттан алыс эмес жайгашкан “Мээрим” паркына орнотулат. Ал эми анын ордуна Бишкектегидей желек сап болору айтылды.
Муниципалитет мындай кадам шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртууда кадыресе көрүнүш экенин белгилеп, маселени саясатташтырбоого чакырды.
“Мисалы, Россиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербург, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган”, — деп айтылат маалыматта.