Эми дары-дармекти атайын мобилдик тиркеме аркылуу издесе болот

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда дары-дармекти оңой издеп, баасын көрүү үчүн тиркеме даярдалды. Бул тууралуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти билдирип, анын презентациясын өткөрдү.
“Дары-дармек” тиркемеси төмөнкү функцияларды сунуштайт:
маанилүү дары-дармектин бааларын реалдуу убакыт режиминде көрүү жана аймактар боюнча салыштыруу;
дарыларды соода жана эл аралык аталыштары боюнча издөө, жакынкы дарыканаларда алардын бар-жогун текшерүү жана дарыканадагы запастар тууралуу маалымат алуу;
ФОМСтун алкагында компенсациялануучу дарылардын тизмеси жана жеңилдик программалары тууралуу маалымат;
баалардын негизсиз жогорулашы боюнча арыздануу жолдорун билүү.
Бишкекте РКӨФ колдоосу менен гемодиализ борборунун филиалы ачылды