Министрлер кабинети “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясын түздү

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети “Ысык-Көл” бирдиктүү башкаруу компаниясын түздү. Токтомго Адылбек Касымалиев 2-июнда кол койгон.
Аталган ишкананын максаты — Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик мүлктү толук кандуу жана эффективдүү башкарууну камсыз кылуу.
Облустук өкүлчүлүккө анын ишин уюштуруу үчүн 5 миллион сом уставдык капитал бөлүүнү тапшырган.
Документ 17-июнда күчүнө кирет.
Коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд. сом, 1100 мүлк кайтарылганы айтылды