Мединский: Киевдин өкүлдөрү жоокерлерди алмашуу боло турган жерге келген жок

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украина тарап менен туткундарды жана каза болгондордун сөөгүн алмашуу пландалган жерге Киевден өкүлдөр келген жок. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдирди.
Анын айтымында, Стамбулда жетишилген макулдашууларга ылайык, Россиянын өкүлдөрү ишемби күнү чек арадагы алмашуу пунктуна келишкен.

“Украин тарап сөөктөрдү кабыл алууну жана согуш туткундарын алмашууну күтүүсүздөн белгисиз мөөнөткө жылдырды. Алардын сүйлөшүү тобу алмашуу жүрө турган жерге да келген жок. Буга түшүнүксүз, бир кызыктай себептер айтылып жатат”, — деди Мединский.

Ал Киевди графикти жана жетишилген бардык макулдашууларды катуу сактоого, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн алты миң жоокери менен офицерлеринин сөөгүн үй-бүлөлөрү адамча көмүшү үчүн алып кетүүгө чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жоокерлердин сөөгүн алуу жана туткундарды алмашуу мөөнөтүн күтүүсүз жылдырды