Илон Маск АКШда жаңы саясий партия түзүү зарыл экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ишкер жана миллиардер Илон Маск АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон пикир келишпестиктен кийин X социалдык тармагында сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында Кошмо Штаттарда жаңы саясий партия түзүү зарыл экенин өзүнүн баракчасында билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маск буга чейин Х социалдык тармагында жаңы партия түзүү тууралуу сурамжылоону баштаган. Ага катышкандардын 80,4 пайызы “макул” деп жооп берген. Бир суткада сурамжылоого соцтармактын 5,6 миллион колдонуучусу катышкан.

"Эл өзүнүн оюн айтты. Америкада ортодогу (демократтар менен республикачылардын ортосундагы – ред.) 80 пайыз элдин оюн айтуу үчүн жаңы саясий партия керек. Сурамжылоодо ошол 80 пайызы буга макул болду. Бул тагдыр", — деп жазган Маск.

Илон Масктын кезектеги посту келечекте түзө турган партиясы America Party ("Америка" партиясы) деп аталышы мүмкүн экенин ачыктагандай.
Бейшембиде Маск менен Трамп АКШ президенти сунуштаган бюджеттик долбоордун айынан элдин көзүнчө уруша кетишкен. Шаршембиде Маск бул долбоорду “жийиркеничтүү” деп атаган.
Ишкер шейшемби күнү мыйзам долбоорун жок кылууга чакырган. Трамп ага жооп берип, Масктан көңүлү калганын, ал үчүн көп нерсе жасаганын айткан. Андан соң Илон Маск Трамп анын арты менен президент болуп, республикачылар Конгресстин эки палатасына тең көзөмөл кыла алганын белгилеген.
Президент менен болгон кайым айтышуудан улам Масктын Tesla компаниясынын акциялары бейшембиде 14 пайызга төмөндөп кеткен. Ал эми жума күнкү соодада акциялар дээрлик беш пайызга көтөрүлүп, түшүп кеткен баанын үчтөн бир бөлүгүн жапкан.
Маск Трампка импичмент жарыялап, ордуна Вэнсти алып келүү сунушун колдоду