8-июнга карата аба ырайы

8-июнга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.
Бишкекте "Тоскоолдуксуз маданият" аттуу концерт өттү. Видео