Россиянын Сочи шаарында II эл аралык "Евразия-Кинофест" фестивалы башталды.
Уюштуруучулар буга чейин иш-чарага 25 өлкөдөн 53 даректүү, көркөм жана кыска метраждуу тасма көрсөтүлөрүн кабарлаган.
Катышуучулардын саны былтыркыдан эки эсе көп экени айтылды, бул жылы Түркмөнстан, Пакистан, Кения, Германия, Түркия, ТАР, Швейцария, Монголия, Бразилия, Испания, Австрия жана Сербиядан катышуучулар кошулган. Фестивалдын алкагында тематикалык мастер-класстар, тегерек столдор уюштурулмакчы, индустриянын кесипкөй адистери модератор болушат.
"Евразия-Кинофест" – бул Евразия мейкиндигиндеги киноиндустрия ишмерлеринин форуму. Максаты — көрөрмандардын өз өлкөсүнүн тарыхына, салттуу жана маданий баалуулуктарына болгон кызыгуусун ойготуу жана таланттуу кинематографисттерди колдоо.