БИШКЕК, 6-июн. —Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын террордук чабуулуна жооп иретинде арты-артынан сокку урганын РФтин Коргоо министрлигине таянуу менен РИА Новости кабарлады.
Алыска таамай атылуучу курал жана дрондор менен бир катар аскердик объектилерге чабуул жасалган.
"Максатка жеттик. Пландалган объектинин баары жок кылынды. Соккулар Украинанын конструктордук бюролоруна, курал-жарак, аскердик техника чыгарган жана оңдогон ишканаларга, учкучсуз аппараттарды чогулткан цехтерге, аскерлерди даярдаган борборлорго, согуштук жабдыктар сакталган кампаларга урулган", — деп билдирген РФтин Коргоо министрлиги.
ЖМКлар Киев, Тернополь, Луцк, Львов жана Чернигов шаарларындагы ишкана, имараттарга сокку урулганын жазды.
2025-жылдын 1-июнунда РФ Коргоо министрлиги Киев режими FPV-дрондорду пайдалануу менен Мурманск, Иркутск, Ивановская, Рязань жана Амур облустарындагы аэродромго сокку урганын кабарлаган. Ивановская, Рязань жана Амурда чабуулдун мизи кайтарылган. Мурманск менен Иркутскиде авиациялык техникадан өрт чыгып, өчүрүлгөн. Чабуулдан жабыркагандар катталган эмес.
Зеленский россиялык аэродромдорго жасалган террордук чабуулдардын жоопкерчилигин өзүнө алган.