Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн "Оверлорд" операциясы. Тарыхый видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Мындан туура 81 жыл мурун, 1944-жылдын 6-июнунда, СССРдин антигитлердик коалиция боюнча союздаштары көптөн күткөн экинчи фронт ачып, Нормандияда Экинчи дүйнөлүк согуштун нугун өзгөрткөн "Оверлорд" операциясы башталган. Тарыхый окуяны Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы эске салып, видеосун жарыялады.
Тарых барактарында бул учурда уктап жаткан Гитлерди ойготууга эч ким даай албай койгону айтылат.
Экинчи фронт ачуу чечими 1942-жылы эле кабыл алынып, эки жылдан кийин гана ишке ашкан. Аскер күчү абадан да, суудан да жеткирилген. Бир сутканын ичинде Нормандияга 156 миң аскер, 900 танк менен сооттолгон автоунаа жана 600 курал-жабдык кирген.
Бул мезгилде Чыгыш фронтто Кызыл армия Борбордук Европага жүрүшүн баштаган эле.
Союздаштардын чабуулу Германияны бир убакта эки жакта согушууга аргасыз кылган. Анткен менен Германия менен СССРдин тиреши башкы фронт бойдон кала берген.
2024-жылы Нормандияга аскер күчүнүн киришинин 80 жылдыгын белгилөөгө Батыш мамлекеттери Россияны чакырган эмес.
"Немецтер туткундалып бүттү". Левитан жар салган тарыхый билдирүүнүн видеосу