БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Евробиримдик алдыдагы 10 жылда Россия менен эптеп эле кагылышсам деп турат, бирок Венгрия бүлгүнгө учураткан куралдануу жарышын алдын алуу үчүн биримдик Москва менен экономикалык кызматташууга кайтышы керек деген пикирде. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан радиоэфирде билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, учурда Европа Украинаны пайдаланып Россия менен прокси-согуш жүргүзүп, РФ менен бир себеп таап тирешүүнү максат кылып алды.
"Биз буга каршы позициядабыз: ок атууну эртерээк токтотуп, тынчтык орнотуу керек. Аймактык жана башка маселелерди жөнгө салуу шарт. Экономика багытында орустар менен эпке келип, россиялык рынокторго кайтууну, европа экономикасына Россия бере ала турган потенциалды пайдалануу жагын ойлонуштуруу зарыл. Россия менен коопсуздук тууралуу келишимди эртелетүү кажет", — деген Орбан.
Премьер эгер бардыгы Брюссель пландагандай кете турган болсо, акчанын баары куралданууга кетерин белгилеген.
"Куралдануу жарышына жол бербей турган бир эле ыкма бар: бизге куралданууну көзөмөлдөө боюнча келишим зарыл. Анын болушунча эртерээк түзүлгөнү жакшы. Болбосо акчабыздын баарын аскердик бюджет соруп алат", — деди өлкө лидери.
Буга чейин Орбан Европа менен АКШ Украинага жалпы жонунан 310 миллиард евро коротконун, бул чынында "үрөй учура турган" сумма экенин билдирген. Премьер эгер бул каражат европа экономикасына жумшалганда европалыктардын жашоосу бүгүнкү күндө алда канча жакшы болмоктугун белгилеп, "акча жөн эле күйүп" кеткенине нааразы болгон. Анын айтымында, Батыш реалдуулукту этибар албай, Украина жаңжалы боюнча маселеде улам чалынып ката кетирүүдө, кийин мунун куну аябагандай оор болот.
Мындан тышкары, Орбан Евробиримдик Украинаны колдоо боюнча пландарын жана боло турчу чыгымын кайра карап чыгарын билдирген.