БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын Коргоо министрлиги кечээ түндө асманда учкан белгисиз нерсе боюнча комментрий бергенин Sputnik Казакстан жазды.
Түндө мындай көрүнүшкө Казакстан менен Кыргызстандын ар бурчунан күбө болушкан. Айрымдар муну спутниктерди орбитага жеткирип бараткан ракета десе, кээ бири орбитадан чыгып кеткен эски спутниктер деп божомолдоодо.
Казакстандын Коргоо министрлиги элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
"Казакстандын аба мейкиндигине эч кандай коркунуч жок. Абал тиешелүү органдардын көзөмөлүндө. Калкка коркунуч туудурган эч нерсе болгон жок", — деген ведомство.
Министрлик бул атмосферага кирген космостук аппараттын же метеориттик агымдын бөлүктөрү болушу мүмкүн деген божомолун кошумчалады.
"Адатта мындай нерселер атмосферанын калың катмарында эле жерге жетпей өрттөнүп жок болуп кетет", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул боюнча үн ката элек.