Маск Трампка импичмент жарыялап, ордуна Вэнсти алып келүү сунушун колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Америкалык бизнесмен Илон Маск Х соцтармагынан Дональд Трамп менен эл көзүнчө уруша кеткенден кийин ага импичмент жарыялоо сунушун колдой турганын билдирди.
Соцтармак колдонуучуларынын бири президент менен болгон пикир келишпестик тууралуу айтып жатып, Трампка импичмент жарыяланып, ордуна вице-президент Жей Ди Вэнс келиши керектигин билдирген.
"Ооба", — деп жазган Маск окурманга жооп берип.
Трамп менен Маск президент федералдык чыгымдарды кыскартуу боюнча ири мыйзам долбоорун сунуштагандан кийин көпчүлүктүн алдында кайым айтыша кетишкен. Ишкер документти "жийиркеничтүү" деп сыпаттап, "мыйзам долбоорун жок кылууга" чакырган. Трамп Масктан көңүлү калып турганын, "анткени миллиардер үчүн көп нерсе жасаганын" билдирсе, Маск Трамп ишкердин колдоосу менен гана президент болуп шайланып, республикачылар Конгресстин эки палатасында тең үстөмдүк кылып жатканын эске салган.
Президент менен тирешүүдөн кийин Маскка таандык Tesla компаниясынын акциялары бейшемби күнү 9 пайызга төмөндөп кеткен болчу.
ЖМК: Трамп Кытай жана Россия менен дүйнөнү бөлүп алуу ниетинде