"Ак шумкарлар" дүйнө чемпионатынын кийинки тандоо туруна өтө албай калышты

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун кийинки баскычына өтө албай калды.
"Ак шумкар" IV этапка чыгуу үчүн КЭДР тайпасын утушу керек болчу. Ал эми катарлаш беттеште группа лидери Иран Катарды жеңип алса, бизге пайда болмок.
Бирок эки план тең ишке ашпай калды. Улуттук команда түндүк кореялыктар менен тең чыкса (2:2), Иран Катардан утулууга дуушар болду.
Эми БАЭ менен боло турган акыркы беттеш эч кандай турнирдик мааниге ээ эмес. Кыргызстандын курамасы 5-орундан жогору көтөрүлө албайт. Жолдомо кеминде 4-орунда тургандарга берилет.
Футболчу Гүлжигит Алыкулов Россиянын премьер-лигасында ойнойт