Бир катар өлкө башчылары кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттукташты

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. —Sputnik. Бир катар өлкө жетекчилери президент Садыр Жапаров менен кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Куттуктоо телеграммалары Түркия, Казакстан, Өзбекстан,Түркмөнстан, Палестина, Египет, БАЭ, Кувейт, Бахрейн жана Алжирдин президенттеринен келген.
Каалоолордо мусулмандардын ыйык майрамы улуттардын ортосундагы достукту, тынчтыкты бекемдеп, бакубатчылыкты алып келсин деген жылуу сөздөр жазылган. Ал эми Садыр Жапаровго бекем ден соолук, бакыт-таалай, кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү тилектери айтылды.
Өлкөбүздү өнүгүү жолунан тайдырбасын! Жапаровдун Курман айтка карата куттуктоосу