БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Күйөөсүнүн колунан өлгөн келинди мазактады делген блогер Айбек Уланов 4-июлга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алганын Бишкек ШИИБинен кабарлашты.
Айбек Уланов "Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондук кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталууда. Аны кечээ спецназ ат минип жүргөн жеринен кармап кеткен. Уланов кармалгандан кийин наркодиспансерге жөнөтүлүп, натыйжада баңгизат колдонгону аныкталган.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунда классташтардын мектепти бүткөндөн 20 жыл өткөндөн кийинки жолугушуусуна катышкан келин Айзирек Эралиева күйөөсүнөн ок жеп көз жумган. Мындай кадамга кызганыч себеп болгону айтылып, 40 жаштагы шектүү кармалган. Классташтарынын айтымында, келин иш-чарага жолдошу менен келип, салтанаттын башталышына эле катышып, классташ кыздары менен эле сүрөткө түшүп кеткен.