Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Жардырылышы мүмкүн. Белгороддо тепловоз рельстен чыгып кетти

Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Россиянын Белгород облусундагы Прохоровский районунда тепловоз рельстен чыгып кеткенин губернатор Вячеслав Гладковго таянып РИА Новости жазды.

"Алдын ала маалымат боюнча, рельстин түбүнө жардыруучу зат коюлган. Жабыркагандар жок", — деген Гладков.

Губернатордун айтымында, поезд каттамдары 2,5 сааттай кармалган. Учурда кыймыл жөнгө салынды.
Гладков темир жолдун бир бөлүгү талкаланганын, аны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Брянск менен Курс облустарында да көпүрөнүн жардырылышынан поезддер кырсыкка учураган. Каргашадан жети киши көз жумган. Эки кырсык тең Россиянын Тергөө комитети тарабынан теракт деп квалификацияланган.
Брянск менен Курскидеги поезддердин кырсыгы теракт деп квалификацияланды