7-июнга карата аба ырайы

7-июнда күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ишембиде жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 24…29, Талас өрөөнүндө 23…28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 25…30, Ысык-Көл жеринде 22…27, Нарын чөлкөмүндө 21…26 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 26…28, Ош шаарында 28…30 градуска жетет.
Шашылыш билдирүү: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн