Жайкы аптапта ичеги-карын ооруларынан кантип сактануу керек?

Sputnik
Жай босогого келип, алдыда аптаптуу мезгил күтүп турат. Жайында ичеги-карын инфекциясы көп катталган учур. Ошондой эле тамак-ашка уулануу коркунучу да эселеп көбөйөт.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында ысыкта кантип ичеги-карын ооруларынан алыс болуп, тамак-ашка ууланууну эмне кылып алдын алса болору тууралу маектештик.
Биздин суроолорубузга Иса Коноевич Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти, Медицина илимдеринин кандидаты Дамирахан Чыныева жооп берди.