БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы аракеттеринен 200 миңден ашуун адам жапа чеккенин телекөпүрөдө Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник билдирди.
Ал "Украинанын россиялык аймакка чабуулу" дээрлик тогуз айга созулганын эске салды.
“200 миңден ашуун адам жабыркаган. Каза тапкандардын саны такталууда”, — деди Мирошник.
Анын айтымында, Курск облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган кылмыштарды иликтөө согушкерлер калтырган миналардан улам солгундап жатат. Буга чейин 46 миң ок-дары табылган.