Султанбай Айжигитовдун ордуна 30 жаштагы Табылды Муратбеков депутат болуп келди

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Султанбай Айжигитовдун ордуна 30 жаштагы Табылды Муратбеков Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.
"Ыйман нуру" партиясынан талапкер Муратбеков 1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Жогорку билимдүү.
2020-2021-жылдары өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы, андан кийин Региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси болуп иштеген.
Эске салсак, Султанбай Айжигитов 2018-жылы "Бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү эскиргендиктен жазадан бошотулган. Ал бул фактыны депутаттыкка талапкер кезинде көрсөтпөй койгондуктан мандатынан ажыратылганы айтылган.
Айжигитов менен жубайы эки айга үй камагына алынды