БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү согушкерлердин Курск аймагындагы аракеттери чыныгы нацизмдин көрүнүшү экенин телекөпүрөдө Россиянын ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник айтты.
Анын маалыматына таянсак, россиялык тергөөчүлөр аймакта кылмыш жасаган ондогон согушкерди суракка алууда.
"Алардын көбүнө эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын түшүндүрүшкөн эмес. Карапайым тургундарга тийбегиле деп айтпастан, тескерисинче, "барып жай тургунду өлтүр, маңдайыңдан чыкканды жок кыл, кандайдыр бир шек санасаң көзүн тазала" деген буйруктарды беришкен... Бул деген нацизм, бул башка адамдын өмүрүн алуу", — деген Мирошник.
Бүгүнкү күндө Россиянын Тергөө комитети жогорудагы кылмыштар боюнча 480ден ашык иш козгоду. Буга чейин 162 украин согушкерине өкүм чыгарылган.