Мишустин КМШ санкция менен тарифтик согуштарга кантип жооп бере аларын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. КМШ өлкөлөрү санкциялык басым жана тарифтик согуштарга артыкчылыктарын максималдуу пайдаланып натыйжалуу жооп бере алат. Бул тууралуу Душанбедеги КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин билдирди.
Анын айтымында, учурда саясий абал өзгөрүп, көп уюлдуу дүйнөлүк түзүлүш калыптанууда.
"Протекционизм күч алып, тарифтик согуштар тутанып, көптөгөн мамлекеттер санкциялык басымга туш болууда. Бул чакырыктарга ар бир өлкөнүн өзүнө таандык артыкчылыктарын толук пайдаланып жооп бере алабыз", — деди Мишустин.
Ал технологиялык жана өндүрүштүк көз карандысыздыкка жетишүү, ошондой эле элдин жашоо сапатын жакшыртуу бул шарттарда өзгөчө маанилүү экенин кошумчалады.
Тажикстан быйыл КМШга төрагалык кылуу учурунда экономикалык байланыштарды чыңдоону, транспорттук-логистикалык маршруттарды кеңейтүүнү жана гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүнү негизги багыт катары белгилеген. Мишустин бул КМШнын стратегиялык багыттарына дал келерин айтып, Россия аларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенине токтолгон.
Ошондой эле ал аталган жыйында кабыл алынган чечимдер келечектүү болоруна ишеним артты.
Душанбеде Касымалиевдин катышуусунда КМШ премьерлеринин кеңеши өтүүдө