БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош шаарында 30-май күнү алгачкы ирет бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралуу билдирүүнү Ош мамлекеттик университети соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка караганда, 38 жаштагы аял жаштайынан бөйрөк оорусу менен күрөшүп келген. Соңку кезде органынын ткандары толук жабыркап, иши токтогон. Жашоосун улантуу үчүн жалгыз жол — бөйрөгүн алмаштыруу эле.
Бейтапка операцияны ОшМУнун тажрыбайлуу дарыгери Бексултан Сейитбек уулу жана Россиядан чакыртылган хирург-трансплантолог Игорь Милосердов жетектеген команда жасаган. Аялга анын бир тууган иниси донор болуп, бир бөйрөгүн берген. Учурда экөөнүн тең абалы туруктуу экени айтылды.
Төрт саатка созулган операция ОшМУнун медициналык клиникасында алгачкы ирет жасалгандыктан акысыз болгон.
Медик Бексултан Сейитбек уулу Россияда, Түркияда окуп, 150дөн ашык орган алмаштыруу операцияларына катышкан. Учурда Ошто операцияларды өз алдынча жасай баштады.