БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Январдан баштап медиктердин маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абадга болгон иш сапарында билдирди.
Спикер Ала-Бука районундагы 1950-жылдары курулган медициналык мекемелердин имаратын көрүп, тиешелүү жетекчилерге тез арада жаңы имараттарды куруу тапшырмасын койгону айтылды.
"Калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн медиктердин айлыгын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин маянасы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талап коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз", — деген Тургунбек уулу.
Мындан тышкары, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жолунун курулушун көрүп жаткан учурда быйыл бюджет 704 миллиард сом болгонун, кийинки жылы 800 миллиард сомго жеткирүү мерчемделип жатканын кошумчалады.