Мишустин КМШ менен ЕАЭБдин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Россиянын соода жүгүртүүсүндөгү КМШ өлкөлөрүнүн үлүшү улам өсүүдө. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.
Ал Тажикстанда өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууда.
"Биздин өлкөлөр үчүн шериктештиктин рыногу тышкы соода жүгүртүүдөгү негизги аймак болуп саналат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Россиянын соода жүгүртүүсүндөгү КМШ өлкөлөрүнүн үлүшү 15,5 пайыздан ашты. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу көп", — деди Мишустин.
РФ өкмөт башчысынын кебинин урунттуу учурлары:
ЕАЭБ өлкөлөрү айыл чарба тармагындагы биргелешкен демилгелерди колдоо механизмдерин иштеп чыгууда;
Россия — КМШ өлкөлөрү үчүн ишенимдүү союздаш жана соода өнөктөш, Москва мындан аркы конструктивдүү иштерди жүргүзүүгө умтулат;
КМШ менен ЕАЭБдин кызматташтыгын кеңейтип, ченемдик-укуктук көзөмөлдү жакындатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырам;
КМШ боюнча өнөктөштөрдү ЕАЭБде кабыл алынган бирдиктүү бажылык транзит системасынын механизмине кошулууну сунуштайм;
КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл топторун ушул жылдын күзүндө Москвада өтө турган "Интервидение" сынагына катышууга чакырам.
Душанбеде Касымалиевдин катышуусунда КМШ премьерлеринин кеңеши өтүүдө