Бишкекте куда-сөөк "бала бакчада" кара куурай өстүргөнү аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте бала бакчанын атын жамынган баңгизат лабораториясы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Растишка АВС" бала бакчасынан 19 түп кара куурай, 54 грамм гашиш жана каннабис жасоого ылайыкталган каражаттар табылган. Анын болжолдуу баасы 25 миллион сом экени айтылды.
1 / 3

Бишкекте бала бакчанын атын жамынган баңгизат лабораториясы аныкталды

2 / 3

Маалыматка ылайык, "Растишка АВС" бала бакчасынан 19 түп кара куурай, 54 грамм гашиш жана каннабис жасоого ылайыкталган каражаттар табылган

3 / 3

Анын болжолдуу баасы 25 миллион сом экени айтылды

Кылмыш иши козголуп, шектүү катары беш адам кармалган. ИИМ кармалгандар бири-бирине тууган, куда-сөөк болгонун билдирди.
УКМК: күнөөсүз адамдын мойнуна баңги кылмышын илген тергөөчүлөр кармалды