Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш колдобосо Украина армиясы Курскиге кире алмак эместигин айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү Батыш колдобосо Курск облусуна кире алмак эмес. Мындай билдирүүнү телекөпүрө учурунда РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник айтты.
Ал чабуулдун АКШнын президентин шайлоо жана Владимир Зеленскийдин ошол жакка жасаган сапары менен дал келгенин эске салды. Анда Зеленский мамлекет башчылыкка талапкер Камала Харрис менен да жолуккан.
"Батыш өстүргөн жырткыч кайсы гана кылмыштар болбосун жасайт. Мунусуна дүйнө коомчулугу баа берип, жазага тартылышы керек. Украина армиясынын согушкерлери Курскиде каалаганын кылышты. Мисалы, Русская Поречная айылынан биздин аскерлер кыйналып, зордукталган адамдардын сөөгүн тапты. Көп учурда кишилерди башка атышкан", — деди Мирошник.
Аймакта Украинанын Куралуу күчтөрү кылмыш жасаган фактылар боюнча 480 иш козголгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мирошник: Курскиге басып кирүү Харристи колдоо боюнча пиар-долбоор болгон