Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШ Украинага бере турган ПВО компоненттерин башка жакта колдонмой болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Вашингтон Киевге делген абадан коргогон ракеталык системаларга колдонулуучу жардыргычтарды АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына жөнөтмөй болду. Бул тууралуу Wall Street Journal жазды.
"Өткөн жумада Пентагон эч жакка жар салбай эле Украина россиялык дрондорду жок кылууга пайдаланып келген ракеталардын жардыргычтары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы армиясына багытталарын Конгресске кабарлады", — деп айтылат басылмада.
Ага чейин Пентагон Сенаттын куралдуу күчтөрү боюнча комитетин жардыргычтарга муктаждык күчөп жатканы боюнча маалымдар кылган.
Чечимди колдогондор АКШнын Коргоо министрлиги өзгөчө аскердик чыгымдар тууралуу мыйзам долбооруна ылайык мындай кадамдарга барууга укуктуу экенин айтышууда. Тийиштүү мыйзам өткөн жылы кабыл алынган.
Үстүбүздөгү аптада Пентагондун жетекчиси Пит Хегсет НАТОнун штаб-квартирасындагы Украинага аскердик жардам көрсөтүү маселесине арналган европалык мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынына барбай койгон. Буга чейин мындай болгон эмес. Хегсет Киевге көрсөтүлчү жардамдын басымдуу бөлүгүн европалыктар өз мойнуна алышы керек деген пикирде. Анын айтымында, АКШнын Коргоо министрлиги "ишмердүүлүгүн жүргүзчү аймак" деп Тынч океанынын батыш тарабын эсептейт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Келлог: Киевдин РФ аэродромдоруна жасаган чабуулу кырдаалды курчутат