БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Касымалиев учурдагы дүйнөлүк саясий жана экономикалык процесстер шериктештиктин аймагына таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аралар жөнүндө келишимдин, Кыргызстан — Тажикстан — Өзбекстан чек араларынын тогошкон чекити жөнүндө үч тараптуу келишимдин тарыхый маанисин белгилеп кетким келет. Бул документтер ишенимди жана коопсуздукту бекемдеп тим болбостон, Борбор Азия чөлкөмүнүн жана бүткүл шериктештиктин кызматташуусу, социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы багыттарды ачат", — деди Касымалиев.
КМШ өкмөт башчылары өткөн жылдын соңунда КМШга мүчө өлкөлөрдүн ИДПсы 4,4 пайызды түзүп, жалпы көлөм өскөнүн белгилешти. Ал эми Кыргызстан менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээли өткөн жылы 10 пайызга өсүп, жалпы соода жүгүртүүнүн 37,4 пайызын, анын ичинде экспорт 48,2%ды, импорт 34%ды түзгөнү айтылды.
"Кыргызстан энергетика, логистика, курулуш, айыл чарба, санариптик экономика жана "жашыл" технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлорду активдештирүүгө даяр", — деди Касымалиев.
Ал ошондой эле экономикалык кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири туризм экенин белгиледи.
"Кыргызстанда туризм тармагы ишенимдүү өнүгүп, экономикалык өсүштүн маанилүү факторуна айланууда. Республика боюнча аэропорттор модернизацияланып, транспорт жана мейманкана инфраструктурасы жакшыртылууда. Кыргызстан өлкөдө өз алдынча жана чет элдик инвесторлордун катышуусу менен заманбап лыжа кластерлерин өнүктүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыра баштады. Туристтик маршруттарды түзүү боюнча биргелешкен долбоорлор жана программалар аркылуу аймактык кызматташтыкты чыңдоо маанилүү деп эсептейм", — деди Касымалиев.
Белгилей кетсек, Тажикстан 2025-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине төрагалык кылууда.