БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын ордо калаасы Душанбе шаарында өтүп жаткан КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешине катышууда. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн аталган кеңештин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны өтөт. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Жыйындын алдында премьерлерди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алганы кошумчаланды.