БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жума күнү республиканын айрым аймактарында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +35...+37 градуска көтөрүлөт.