“Баары роль үчүн”. Кино үчүн суу алдында калган Мырзайым менен маек

Sputnik
Бул ирет «Стоп кадр» уктуруусуна биз 15-майдан баштап жарыкка чыккан «102» тасмасынын баш каарманы, Сезимдин ролун жараткан актриса Мырзайым Касыбаеваны чакырдык. Коногубуз тартуу учурундагы оор сахналарды эстеп, кино дүйнөсүн кыйынчылыгы менен жакшы көрөрүн айтты. Ал актрисалык кесип бир кездеги кыялы экендигин жана кыялдардын үстүндө иштесе сөзсүз чындыкка айланарын белгиледи.
«102» тасмасы — сүйүү, ишеним жана катаал чындыкты чагылдырган триллер. Режиссёру Сапар Сайназаров. Тасманын негизги каарманы — милиция кызматкери Арман, анын сүйүктүүсү Сезим менен үйлөнүү тоюна даярданып жатканда күтүүсүз окуялар башталат. Кино сүйүү жана ишенимдин күчү тууралуу баяндайт, бирок ошол эле учурда каармандарды катаал чындык жана татаал тандоолор күтөт.