Сот отурумдарды сөзсүз түрдө аудио жана видеокаражаттар менен жазып алуу милдеттендирилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 3-апрелде кабыл алынган. Муну менен катар маалыматта эгерде видео, аудиожазуулар болбосо соттун чечимин өзгөртүү, кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналары айтылат. Бүгүн дал ушул өзгөрүүлөр, ошондой эле жалпы сот системасындагы санариптештирүү иштери тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет Сот” Маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Бек Иманалиев, Ош шаардык сотунун судьясы Бакыт Сыдыгалиев жана Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов жооп берди.