Жай босогого келип, алдыда аптаптуу мезгил күтүп турат. Жай мезгили туризм жана эс алуунун убагы. Бул убакта адамдар сууга түшүп же жаратылыш коюнда эс алууну жактырат.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул эс алуу убагында же сууга түшүүдө кандай эрежелерди эске алуу керек? Кандай коопсуздук чараларын сактоо керектиги тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын башчысы Бактыяр Акматов жооп берди.