Кыргызстан виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү жолунда — эмнелерди билишибиз зарыл?

Sputnik
Блокчейн, санариптик активдер мурда адистер гана түшүнгөн тармак болсо, азыр жаңы каржылык системанын негизине айланды. 2022-жылы “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, ал виртуалдык активдерди чыгарууга, сактоого жана жүгүртүүгө укуктук негиз түзүп берди. Түрдүү тармактарда санариптештирүү күч алып жатат.
Бул өзгөрүүлөр жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда жана мамлекеттен так, түшүнүктүү чечимдерди талап кылууда. Виртуалдык активдерди өнүктүрүү кеңеши, өлкөдөгү криптоиндустриянын абалы тууралуу криптовалюта боюнча эксперт Алмаз Шабданов кеп кылды.