Бишкекте айдоочулар жаңжалдашып, бири экинчисине тапанча кезеген. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгынан кийин айдоочулар жаңжалдашып, бири экинчисине тапанча кезеген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Окуя 23-майда Карл Маркс менен Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жаңжалдын жүрүшүндө И.Р.Д. аттуу жаран октолгон травматикалык тапанча алып чыгып, экинчи тараптагыларды өлтүрөм деп коркуткан.
Милиция текшергенде анын жанынан ак түстөгү порошок салынган желим баштык табылган. Кылмыш иши козголуп, шектүүнүн үйү тинтилген. Натыйжада жашаган жеринен эки мылтык, автомат, ок атуучу куралдар жана ок-дары табылган.
Таласта киши өлтүрүүгө шектелген адам 17 жылдан кийин Бишкектен кармалды