БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. АКШ президенти Москва менен Киевдин түз сүйлөшүүсүн жактайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Тэмми Брюс билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү колдой бермекчибиз. Жаңжалды аскердик жол менен чечүү мүмкүн эмес экенин айтып келгенбиз, президент адилеттүү, бекем жана узакка созулган тынчтыкты орнотуучу бардык механизмдерди колдойт", — деген ал журналисттерге.
Эки тарап дүйшөмбү күнү жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабын өткөрдү. Москва ок атууну токтотуунун эки жолун сунуштаган.