Соттордун ишине кийлигишпейбиз. Жапаров Атамбаевдин соттолушу тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кандай болсо да соттун чечимине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге карата чыккан соттун өкүмү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип жатып билдирди.
Өлкө башчы "соттордун ишине аралашпагыла" деп айтып келгенин белгилеп, журналисттин "Атамбаев камалабы" деген суроосуна жооп кылган.
"Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин мунапыс берүү укугум бар. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык пикирим. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу, же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек", — деди Жапаров.
Өлкө башчы үч жыл мурда бир кезде өлкөнү башкаргандарды топтоп, өткөн-кеткенди унутууну сунуштаганын эскерип, азыр дагы ошол ниетте экенин кошумчалаган.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 11,5 жылга кесилди. Дагы кимге өкүм чыкты