РФ Бажы кызматынын жетекчиси ЕАЭБдеги кызматташууга баа берди

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 4-июн. — Sputnik. Россиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Валерий Пикалёв бүгүн ЕАЭБдин (ЕАЭБ БКБК) Бажы кызматтарынын биргелешкен кеңешинин 50-отурумунун жүрүшүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн бажы органдарынын кызматташуусу тууралуу айтып берди.
"Биз бири-бирибизди угууга, түшүнүүгө, кандайдыр бир компромисстик чечимдерди табууга үйрөндүк. Бул убакыт аралыгында ар бир мамлекет жана бүтүндөй Биримдик үчүн миңден ашык маанилүү чечимдер кабыл алынды", — деди Пикалёв.
Ал ЕАЭБдин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясы заманбап интеграциялык талаптарга жооп берген эффективдүү бирикме экенин белгиледи.
Федералдык бажы кызматынын жетекчиси уюмдун алкагында бардык кызматтардын туруктуу өнүгүшүн, аларды комплекстүү модернизациялоо жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле 49 жыйында эле миңден ашык чечим кабыл алынганын, анын бардыгы интеграциялык бирикменин алкагында бажылык жөнгө салууну унификациялоого, координациялоого жана өркүндөтүүгө багытталганын кошумчалады.
"Алардын анализи иш-аракеттин бир нече негизги багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет. Буга эреже бузууларды минималдаштыруу үчүн тобокелдиктин бирдиктүү көрсөткүчтөрүн бекитүү (мисалы, демпингге каршы алымдар), бажы наркын көзөмөлдөө, фискалдык тобокелдиги жогору товарларга мониторинг жүргүзүү (мисалы, салыкты көп талап кылган товарлар), жалган транзитке каршы күрөшүү, товарлардын өтүшүн көзөмөлдөө, бажы операцияларын жүргүзүү тартиби, транспорт каражаттарын убактылуу ташып келүүгө жана алып чыгууга көзөмөл, ЕАЭБдин бир катар өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу жүктөрдү бажылык коштоо көйгөйлөрү, темир жол жана автомобиль транспортунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, интеллектуалдык менчикти коргоодо контрафакт менен күрөшүү сыяктуу нерселер кирет", — деди жетекчи.
Ал белгилегендей, кабыл алынган чечимдердин артыкчылыктары негизги конвенциялар, төлөмдөрдү төлөөдөн качууга жана товарлардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүгө басым жасап көзөмөлдү күчөтүү, санариптештирүү, өз ара кызматташуунун электрондук форматтарына акырындап өтүү, шайкеш келтирүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда эрежелерди жана процедураларды унификациялоо, экономикадагы жана технологиядагы өзгөрүүлөргө байланыштуу ийкемдүүлүк менен аныкталат.
Амангелдиев бажы тармагын санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн айтты