Бишкекте Түрк хору менен SOPRANO арт-тобунун концерти өттү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Түрк хору менен айымдардын SOPRANO арт-тобунун катышуусунда Unity Songs концерти өттү.
Анда артисттер түрдүү муундар менен маданиятты бириктирүүгө үндөгөн жашоо, тынчтык, достук тууралуу ырларды аткарышты.
Аталган концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында уюштурулду.
Анда легендарлуу аткаруучулар көрүүчүлөргө "Жеңиш ырлары" программасындагы концертти тартуулап, тарыхтагы окуяларды эскерүүнүн, маданий баарлашуулардын жана биздин элдердин биримдигинин маанилүүлүгүн белгилешти.
Кечедеги эң кызыктуу учурлардын бири – ырчылардын "Кайдасың?" ырын кыргыз тилинде созгону жана балдар менен биргеликте "Пусть всегда будет солнце" ырын ырдашкандыгы болду.
Концерт Москва өкмөтүнүн, Бишкек мэриясынын жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.
Концертти көрүүгө аянтка 1000ден ашык адам келген.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына салтанаттуу концерт өттү. Видео