БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Түп районунда мыйзамсыз балык уулагандар аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.
Милиция Күрмөнтү айылындагы төрт жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүп, 80ге чукул балык уулаган тор, 2 моторлуу кайык, мылтык, ок-дары, капкан, балык, икра, эликтин мүйүзү жана башка шаймандар табылган.
Бул буюмдардын баары далил катары алынып, экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы ӨКМге көлдүн түбүн тазалоону тапшырган. Ошондон бери суучулдар көлдөн таштанды, балыктын торлорун алып чыгып жатканын айтып келишет.
Бирок өлкө башчы жакында көлдү күтүүсүз текшерип, абал жакшырбагандыктан ИИМ менен УКМК башчысын тилдегенин Камчыбек Ташиев айткан. Мындан улам УКМК төрагасы укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөрүн эскерткен.