Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Минкаб башчысынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конуп, аны Тажикстандын вице-премьери Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна КМШга мүчө өлкөлөрдүн желектери илинди.
Эскерте кетсек, Адылбек Касымалиев сапардын алкагында КМШ өкмөттөрүнүн кеңешинин жыйынына катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.
ЖККУнун баш катчысы уюм менен чектешкен өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат берди