Амангелдиев бажы тармагын санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн айтты

Sputnik
ЧОЛПОН -АТА, 4-июн. — Sputnik. КМШнын Бажы кызматтарынын кеңеши негизделген 1993-жылдан бери ондогон жыйындар өтүп, эл аралык маанидеги көптөгөн документтер даярдалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чолпон-Атада аталган кеңештин 80-жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул аракеттер КМШ алкагында улуттук бажы системаларын шайкеш келтирүүгө жана соода процесстерин жеңилдетүүгө өбөлгө түзгөн. Амангелдиев ЕАЭБдин Бажы кызматтарынын бириккен коллегиясы маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, бажы тармагын санариптештирүү маанилүү экенин айтты.
"Акыркы жылдары электрондук иш ыкчам киргизилип, маалымат алмашуунун инфраструктурасы кеңейди. Ушул сыяктуу платформа иштей баштады, ошондой эле ЕАЭБдин интеграцияланган маалымат системасын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор жүрүп жатат. Бул технологиялар туруктуу жана ачык-айкын бажы башкаруусун калыптандырууга шарт түзөт", — деп кошумчалады ал.
Мындан тышкары, ал мыйзамсыз товар жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттер эл аралык сооданын туруктуулугу менен өнүгүшүн камсыз кыларын белгиледи.
Амангелдиев бүгүнкү глобалдык чакырыктар стратегиялык ийкемдүүлүктү, тыгыз координацияны жана кабыл алынган чечимдерде туруктуулукту талап кыларын айтты.
Чолпон-Атада КМШ бажы жетекчилеринин кеңеши 80-отурумга чогулду