БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Мындан 63 жыл мурда Советтер Союзунун жашоочуларына телеэкрандан "Фитиль" деп аталган киножурнал тартуулана баштаган. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
1962-жылы 4-июнда биринчи номери чыккан. Тамаша же сатиралык мүнөздөгү чакан көрүнүштөн турган 15 мүнөттүк ролик кинотеатрларда кино башталар алдында көрсөтүлө турган.
"Фитилди" балдар акыны, сатирик-жазуучу Сергей Михалков негиздеген. Киножурналдын миниатюралары паракорлорду, жалкоолорду, жегичтерди, кызыл кулактарды, айтор, алдым-жуттумдардын айыбын ашкерелеп турган. Ар бир берүүдө бир нече, бирок ар кыл сюжеттер камтылган. Алар даректүү, оюн ыкмасындагы же мультипликациялык фильмдер болгон.
"Фитилге" үлкөндөр тартылышчу. Алар: Фаина Раневская, Михаил Яншин, Андрей Миронов, Евгений Евстигнеев, Юрий Никулин, Геннадий Хазанов сыяктуу өнөр адамдары эле.
1993-2003-жылдары киножурнал чыкпай калган. Анткен менен түптөөчүлөр "Фитилди" кайра жандандырып, соңку ирет 2008-жылы көрүүчүлөргө тартууланган.