5-июнга карата аба ырайы

5-июнда түнкүсүн республиканын аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз айрым жерлерде, тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 31…36, Талас аймагында 28…33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл өрөөнүндө 20...25, Нарын жеринде 21…26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 33…35, Ош шаарында 32…34 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачын аз, ысык болот. Июнга карата аба ырайынын божомолу