Бул жумада борбор калаада VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалы өтүп жаткан учуру. Фестивалдын алкагында бир катар мамлекеттерден келген элдик дастандарды изилдеген окумуштуулардын эл аралык илимий практикалык симпозиуму, тармактык маселелерди талкуулаган тегерек стол, жыйындар өтүүдө. Мындан тышкары көчмөн элдердин турмуш философиясын кеңири чагылдырууга багытталган “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” каада-салттар, “Саркеч көчмөн” жана алгачкы жолу Сейтек айтуучулар арасында “Сейтекчи” сынактары өткөрүлүүдө.Бүгүнкү берүүбүздө жогорудагы фестивалдын катышуучулары: Филология илимдеринин докторлору Турдыбаев Конакбай жана Оразымбетов Қуанышбай каракалпак эпостору башка түркий дастандар кандай окшоштугу бар экенин айтып беришти.