Тажырыйба жана өнөктөштүк - Кыргыз куткаруучулары Москвада масштабдуу эл аралык машыгууга катышты

Sputnik
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун кызматкерлери Россиянын Москва облусунун Ногинск шаарында өткөн масштабдуу эл аралык машыгууга катышты. Ал жерде табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча машыгуулар орун алган. Кыргыз куткаруучулары бул иш-чарада кандай жыйынтык көрсөткөнү жана кандай тажырыйба топтогону тууралуу “Ачык кеп” программасында сүйлөштүк.
Биздин суроолорубузга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун куткаруу иштери боюнча кафедра башчысы Таалайбек Абдраев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун биринчи куткаруу кошуундун командири Нурбек Мамбетсалиев жооп берди.