"Зоо Бишкек" реаблитациялык борборундагы жаныбарларга колдоо керек

Sputnik
Бишкектеги "Зоо Бишкек" реаблитациялык борбору кароосуз калган сейрек жаныбарларга камкордук жасоо максатында ачылган. Учурда 200дөн ашык жаныбарлар бар. Сейрек дегенибиздин себеби, Кыргызстанда жок жаныбарларды алып келишип бага албай, сыртка чыгарып салган да учурлар кездешет. Аларды алып баруучу борбордогу бир гана борбор "Зоо Бишкек". Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да жаныбарларга байланыштуу ар кандай учурларда кайрылып калышат. Бирок "Зоо Бишкек" реаблитациялык борбору өзү колдоого муктаж. Арстандын күчүгүнө, карышкырга жана башка жырткычтарга таза эт керек болсо, башкаларына жер-жемиш, жем керектелет. Быйыл борбордон өрт да чыгып жаныбарлардын баары стресс алгандыгын аталган борбордун зоотехниги Азамат Алтынбеков билдирди.