БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. 2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолгон пахтадан жасалган шейшептерге жогорулатылган бажы төлөмү колдонулат. Чечимди Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши кабыл алды.
Төлөм ставкасы 12 пайызды түзөт, бирок бир килограмм үчүн 0,44 евродон кем болбойт.
"Мындай кадам ата мекендик өндүрүштөгү ишканаларды колдоого жардам берет", — деди ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.
Ал биримдиктеги тигүүчүлөр сапаты импорттолгон шейшептерден кем эмес товар чыгарары белгиледи.
ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланды.